Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Тердикбаев Эрлис Жекшеновичке генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, 29-мартта Эрлис Тердикбаев Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ