Жогорку Кеӊеш жыйынында «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Абдылдаев Шералы Итибаевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Талант Мамытов Шералы Абдылдаевди жалпы депутаттардын атынан эл өкүлү болушу менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ