Menu

Жайыл районунда уурулукка шектелген топ кармалды

Бөлүшүү:

Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан түштүк аймагынан уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 30-март күнү Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам издөө иш-чаралырынын натыйжасында Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон кылмышка шектүү жарандар кармалышкан. Алар бир нече уурулукка шектелип, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБү тарабынан изделип жатышкан.

Кармалган жарандар жүргөн автоунаага кароо жүргүзүү учурунда 50дөн ашык уюлдук телефондор жана 70ден ашык «Самсунг  жана Редми» үлгүсүндөгү телефондордун бош кутулары алынган.

Шектүү жарандар Жайыл РИИБүнө жеткирилип, териштирүү учурунда алар Ноокен жана Өзгөн райондорунан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендигин билдиришкен.

Ар тараптуу териштирүү иштерин жүргүзүү максатында, кармалган 1998-жылы туулган Д.Т., 1999-жылы туулган Т.А., 1993-жылы туулган М.О. жана 2000-жылы туулган М.И. аттуу жарандар автоунаасы жана далил буюмдары менен Ноокен РИИБүнө өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: