Бүгүн, 31-март күнү саат 07:43тө Талас облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ Басма сөз кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ