Чүй облусунун Чүй районунда кечээ, 30-март күнү саат 23:26 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында (Арал айылы) “Mercedes-Benz Sprinter” менен “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам жеңил жаракат алышкан (1991-жылы туулган, 1980-жылы туулган жарандар).
Жерине КР ӨКМнин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бараткан унаанын жардамында ооруканага кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ