Menu

Депутат Евгения Строкова ​Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин кызматтан алынышына каршы пикирин билдирди

Бөлүшүү:

Депутат Евгения Строкова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Мадамин Каратаевди кызматтан алынышына каршы. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал азыркы министрдин орун басарларынын бардыгы санитардык дарыгерлер экендигин белгиледи.

“Пандемия учурунда жалгыз иштеген Каратаевди эмне үчүн жумуштан алдыңар? Ал компетенттүү инсан. Мага көптөгөн дарыгерлер кайрылышты. Протоколдорго күнөөлүү Жакубекованы колго алышса жакшы болмок. Каратаев эч нерсе иш кылган жок дегенге мен макул эмесмин“, – деди депутат.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев министрдин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев эч бир иш жасабагандыгы үчүн кызматтан алынганын айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: