Menu

АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2020-жылдагы Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасы тынчсыздандырган багыттарды белгилейт 

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын Адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Бул жылы баяндамада кыргыз өкмөтүнүн адам укуктарын коргоодогу аракеттеринин солгундоосу баса белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тынчсыздануунун олуттуу багыттарына төмөнкүлөр кирет: 

  • БУУнун бошотуу тууралуу талабына карабастан, белгилүү саясий туткун Азимжан Аскаровдун өлүмү;
  • Кыргыз Республикасынын өлкөдөн чыгарып бербөө милдеттенмелерине карабастан, өзбек журналистин орун алышы мүмкүн болгон кыйноосу жана андан кийинки экстрадицияланышы; 
  • Чектен чыккан улутчул топтордун жарандык коомго жазасыз кол салуулары; 
  • Коопсуздук кызматтары тарабынан жарандык коомду жана маалымат каражаттарын кысымга алуу жана;
  • коопсуздук кызматтары тарабынан кыйноолордун колдонулгандыгы үчүн жоопкерчиликтин жоктугу.

Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн “Адам укуктары боюнча отчеттунда” баяндалган окуяларды иликтөөгө жана ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырат.

Отчеттун жарыкка чыккандыгын белгилеп жатып, АКШнын элчиси Дональд Лу жаңы өкмөт терс тенденцияны жоюу үчүн чара көрөт деп үмүттөөрүн билдирди: “Кыргыз Республикасы эмне себептен Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө катары белгилүү болгонун көрсөтө турган мезгил келди. Биз, Жапаров алдындагы жаңы бийлик, адам укуктарын коргоодо жана адам укуктарын тебелегендерди жоопкерчиликке тартууда күч-аракеттерин эки эсе көбөйтүү үчүн, жарандык коомду, укук коргоо органдарын, адам укугун коргоочу уюмдарды жана сот тутумун бириктирет деп үмүттөнөбүз.”  

АКШнын Мамлекеттик департаментин адам укуктарынын абалы боюнча баяндамалары адам укуктарынын жана жумушчулардын укуктарынын статусун 200-гө жакын өлкөлөрдө жана аймактарда каттайт. Баяндамалар АКШнын мыйзамдары менен талап кылынат жана ар кандай мекемелер, АКШнын Конгресси, аткаруучу бийлик жана сот бутактары бул баяндамаларды көмөк көрсөтүдөн баштап башпаанек берүү маселелер боюнча чечим чыгарууда фактылык ресурс катары колдонушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: