Menu

УКМК: Курал жарак жана ок-дарылардын бекитилген жери табылды

Бөлүшүү:

КР УКМК Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топторго жана курал-жарактын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жашырылган жерден номерлери өчүрүлгөн жана гильзалары бар Калашников АК-47 автоматы табылып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн.

Учурда УКМК табылып алынган куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: