Menu

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду

Бөлүшүү:

30-31-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад ОИИБге, Жалал-Абад, Кара-Көл жана  Таш-Көмүр ШИИБге, Токтогул, Ноокен,  Базар-Коргон, Сузак РИИБге, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан ротасына, Жалал-Абад ОИИБдин медициналык кызматына, ИИМдин ЖКККБга  барып, алардын ишмердүүлүгү менен жеринен кабар алып,  кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.  Айрыкча нөөмөт бөлүмдөрдү, жарандарды кабыл алуучу жайларды, ошондой эле убактылуу кармоочу изоляторлорду текшерип,  аныкталган кемчиликтер боюнча кыска мөөнөттө жоюу боюнча тапшырмаларды койду.

Ал эми, бүгүн 31-март күнү Жалал-Абад ОИИБдин жыйындар залында борбордук аппараттын кызмат жана бөлүм жетекчилери, шаардык-райондук ИИБдин начальниктеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде төмөнкү негизги үч  маселе каралып, талкууга алынды: 11-апрель күнү боло турган Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүүгө карата даярдыктыр, кызматкерлер арасында мыйзам бузууну жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, кызматтык тартипти сактоо жана санариптештирүүнү ишке ашыруу багытында аткарылып жаткан иштер. Октябрь Урмамбетов бул маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыктарына ылайык жана ИИМдин буйруктарынын негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоодо ыкчам аракеттерди көрүүнү, шайлоого байланышкан мыйзамсыз аракеттерди кыска мөөнөттө чечүүнү, мыйзамдуулукту сактоону, акыйкаттулук менен  жарандарга карата сылык мамиледе болууну, милициянын кадыр-баркын көтөрүп, элдин ишеничин  актоону талап кылды.

Андан соң,  Октябрь Урмамбетов  Кыргыз Республикасынын  ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан ротасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, иш сапарын  улай Ош облусуна кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: