Menu

Орусиялык хакерлер АКШ Мамдепартаментинин каттарын уурдоого шектелүүдө

Бөлүшүү:

Хакерлер АКШнын Мамлекеттик департаментинин бир нече миң катын уурдап алышкан. Кат жазышуу мекеменин Европа жана Евразия иштери боюнча бросунда, Чыгыш Азия жана Тынч океан региону боюнча бюросунда болгон.

Кылмышкерлер Кремль менен байланышы бар орусиялык хакерлер болушу ыктымал экени айтылууда. Бул тууралуу Politico журналы АКШ Конгрессиндеги булактарга жана көз карандысыз америкалык аткаминерге шилтеме жасоо менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, орусиялык хакерлер 10 жыл аралыгында Мамдепартаменттин каттарын экинчи жолу ийгиликтүү түрдө уурдап алышты. Буга чейин АКШнын дипломатиялык кат жазышуулары WikiLeaks сайтында пайда болуп, көптөгөн булактар аларды орус чалгыны тартканын ырасташкан.

Politico басылмасы каттар былтыр уурдалганын жазууда. 2020-жылы декабарда АКШнын мамлекеттик мекемелери хакердик чабуулга кабылганы белгилүү. Каттар дал ошол маалда уурдалганбы же жокпу белгисиз.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: