Menu

Мамдепартамент: Казакстанда «адам укуктарына байланышкан олуттуу көйгөйлөр» бар

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарына байланышкан абал тууралуу баяндамасын жарыялады. Анын бир бөлүгү Казакстанга арналган.

Баяндама Казакстанда оппозициялык активисттер мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге, азыркы өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана күч түзүм мекемелеринин жетекчилерине каршы санкцияларды киргизүү тууралуу чакырыктарды жасап жаткан маалда жарыяланды.

Документте адам укуктарына байланышкан бир катар маселелер тизмектелген: «бийлик тарабынан же бийликтин атынан негизсиз адам өлтүрүү»; «бийлик тарабынан же анын атынан кыйноого алуу учурлары»; саясий туткундар; сот системасынын көз карандуулугу; сөз эркиндигинин жана Интернеттеги эркиндикти чектөө; уюмдардын эркиндикке жана тынч жыйындарга чогулуу укугун чектөө; жарандардын саясий жашоого катышуусун чектөө; коррупция; адам сатуу; жумушчулардын биригүү эркиндигин чектөө.

Баяндамада өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 2019-жылы ЕККУнун байкоочулары билдиргендей көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон шайлоонун жыйынтыгында кызматка киришкени, андан кийин өкмөткө каршы өткөн акциялардын катышуучулары жапырт кармалганы жана Нурсултан Назарбаев өмүрү өткөнчө эбегейсиз кеңири ыйгарым укуктарга ээ экени белгиленген.

«Аткаруу бийлиги мыйзам чыгаруу жана сот бийликтерин, аймактык жана жергиликтүү бийлик органдарын көзөмөлдөйт. Улуттук коопсуздук комитети өлкөдө каттоодон өтпөгөн уюмдарга карата тергөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Мекеме башчысы экс-президент Назарбаев өмүрү өткөнчө төрагалык кыла турган Коопсуздук кеңештин курамына кирет», — деп жазылган документте.

Баяндамада мисал катары өлкөдөгү бир нече «негизсиз адам өлтүрүү, ур-токмокко алуу» учурлары көрсөтүлгөн. Алардын ичинде 2020-жылы октябрда полиция бөлүмүндөгү кыйноолордон кийин каза болгон Чыгыш Казакстан облусунун 33 жаштагы тургуну Азамат Оразалы, 2020-февралда Нур-Султандагы тергөө абакта өлгөн активист Дулат Агадил, ошондой эле 2019-жылы май айында Караганда облусунда атып өлтүрүлгөн укук коргоочу Галы Бактыбаев жөнүндө жазылган.

Быйыл февралда «Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу» Европарламент кабыл алган резолюцияда абалды жакшыртуу үчүн өлкөдөгү «адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар» мамлекеттик кызматкерлерге жеке санкцияларды киргизүү сунушу жазылган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: