Menu

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо тууралуу буйрукту Кашкар Жунушалиев бергени айтылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу сот процесси уланууда.

Отурумда күбө катары Арсланбек Ырысов суралды.

Ал 2019-жылдын 8-августунда “тревога” жарыяланып, бардык милиция кызматкерлерине Чоң-Таш айылын көздөй баруу буйругу берилгенин, андан кийин маршрут өзгөрүп, Кой-Ташка баруу буйругу берилгенин айтты.

«Мен ал жерде канча кызматкерлер болгонун билбейм. Биз КамАЗда болчубуз. Бизге рация аркылуу Атамбаевдин үйүнүн аймагына кирүү тууралуу көрсөтмө айтылды. Дарбаза бийик болгондуктан, биз аны сүзүп салдык. Аймакка киргенибизде карапайым адамдар болгон. Рация аркылуу бизге буйрукту Кашкар Жунушалиев (ошол кездеги ИИМдин башчсы) берип турган », – деди Арсланбек Ырысов.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуу болуп, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкулов башынан жабыркап, ооруканага жеткирилип, эки жолу операция болгон. Бир топ адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтада калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: