Menu

“Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү лабораториялардын иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров баштаган эл депутаттары адегенде «Кыргызалтындын» алдындагы борбордук лабораториянын иши менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган лаборатория 1940-жылдары түзүлүп, ошондон бери иштеп келаткан. Бир кезде күн-түнү тыным албай эмгек кайнап турган лабораториянын азыркы абалы купулга толорлук эмес. Болгону 36 киши иштейт. Эскилиги жеткен лабораториянын рынок шартындагы атаандаштыкка туруштук бериши кыйын.

Бул лаборатоия деле жеке лабораториялар чыгара турган анализдерди чыгара алат. Бирок, аталган лабораториянын азыркы абалы менен аккредитациядан өтүшү кыйын.  Мурдагыдай геологиялык чалгындоо иштери кескин кыскарып кеткен. Ошого байланыштуу да лабораториянын иши солгун.

Бирин-экин жаңы жабдуулар алынганы менен толук заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок. Иштегендердин айлык акылары төмөн. Имарат капиталдык ремонтко муктаж.

Лабораториянын иши менен таанышуу учурунда жеке тараптар менчик лабораториялар менен келишип алып, мамлекеттин эмес, жеке тараптын кызыкчылыгына ылайык жыйынтыктарды берип коюшу да ыктымал деген пикирлер да айтылды.

Депутаттардын пикиринде мамлекеттик лабораторияны толук кандуу ишке киргизүүгө мамлекет кызыкдар болууга тийиш.

Комиссия мүчөлөрүнүн кийинки сапары Кара-Балта шаарындагы алтынды аффинаждоо заводунда улантылды. Кара-Балтадагы тоо кен комбинатынын тутумундагы  жалгыз ушул аффинаж заводу менчиктешпей калган. Айрым бир реконструкциялоону талап кылган маселелери болбосо аталган заводдогу иш жаман эмес. Төрт тогуз маркасындагы таза алтын куймасын чыгара алат.Акыркы жылдардагы иштери жаман эмес. Кум-Төр, Макмал, Жер-Үй, Алтын кен ишканалары аффинаж заводу менен кызматташып жатышкан.    Ал Жылына 40-45 тонна алтын аралашмасын алып, кайра иштетишет.

Ал эми ошол эле Кара-Балта шаарындагы «Алекс Стюарт» жеке менчик лабораториясында  180ден ашуун адам эмгектенет.  Лабораториянын жабдуулары биринен бири өтөт. Автоматташкан жабдуулары арбын. Аталган лабораторияда иш 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт. Лабораториялык иштердин циклинде үзгүлтүк болбойт. Мындагы иштердин көпчүлүгү компьютерлер менен башкарылып, жарым робот жабдуулар иштеп турат. Коопсуздук чаралары толук эске алынган.

«Алекс Стюарт» лабораториясы эл аралык алкакта иш алып барат. Ага Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн тынымсыз заказдар түшүп турат. Былтыркы жылы 3600 заказ түшкөн. Албетте мамлекеттик лаборатория менен бул лабораториянын айрымасы асман менен жердей. Бирок, эл депутатынын пикирине караганда мамлекет мамлекеттик лабораторияга таянып иш алып баруусу керек жана «Кыргызалтындын» алдындагы лабораторияны толугу менен кайра жабдып, ал турсун жаңы имарат куруп берүү керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: