Menu

 $385 млн турган жыштыкты коррупциялык жол менен сатууга шектелген Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-жетекчиси Наталья Черногубовага 260 миң сом айып пул салынды

Бөлүшүү:

Биринчи Май райондук соту коррупцияга айыпталып жаткан Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-жетекчиси Наталья Черногубовага карата өкүм чыгарды. Отурумда судья Салтанат Эсенкулова төрагалык кылууда.

Сот Черногубованы Жазык кодексинин 42-беренеси жана 319-берененин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Сот айыпталуучунун кызынын атына катталган кыймылдуу мүлктү камакка алуу боюнча чечимин жокко чыгарды. Наталья Черногубованын мүлкүн камакка алуу чечими айып пул төлөнгөнгө чейин күчүндө калтырылды.

Белгилей кетсек, УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн.

Аталган иштин алкагында, Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-башчысы Наталья Черногубова, анын орун басары Замирбек Мамбеталиев, УКМКнын 2 кызматкери жана Ala-ТВнын Стратегия жана өнүгүү боюнча директору кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: