Menu

Президент Садыр Жапаров түрк интеграциялык процессин чыңдоонун айрым жагдайларын атады

Бөлүшүү:

«Кыргызстан Түрк кеӊешинин аталышынын Түрк мамлекеттеринин уюмуна өзгөртүлүшүн толук колдойт» — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, ТМКК лидерлеринин видео-конференция форматында өткөн бейформал жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Түрк интеграциялык процессин чыңдоочу жана ага жаңы дем берчү айрым бир жагдайларга токтолду.

Садыр Жапаров белгилегендей, биринчиден, Түрк кеңешинин көп кырдуу ишмердүүлүгү, эл аралык аренадагы орду жана кадыр-баркы Кеӊештин расмий түрдө Уюмга трансформацияланышын талап кылууда. Ошондуктан кыргыз тарап Түрк кеӊешинин аталышынын Түрк мамлекеттеринин уюмуна өзгөртүлүшүн толук колдойт. Уюмдун аталышынын өзгөрүшү анын андан-аркы өнүгүүсүнө, эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизет, ишмердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү берет деп эсептейт.

Экинчиден, Кеңештин түрк мамлекеттеринин уюмуна трансформациясы аяктаган соӊ, башка мамлекеттердин кызыкчылыгы артып, Уюмга мүчөлүккө өтүүнү же байкоочулук макамын алууну каалагандардын саны арбын болот.

Ошону менен бирге Президент Уюмга чоӊ салымын кошуп келе жаткан Венгриянын ролун бекитип же аныктап алуу керектигин айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров мурда да белгилегендей, Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү идеясын колдойт жана кызматташуунун негизги багыттарынын бири транспорт тармагы деп эсептейт.

«Түрк мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук жана коммуникациялык кызматташтыкты күчөтүү менен бирге, соода жүргүзүү процессин активдештирүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуубуз абзел», — деп билдирди Мамлекет башчысы.

Президент Европа менен Азиянын ортосундагы эӊ коопсуз жана кыска соода жолу макамына ээ болгон, «Ортолук коридор» деп аталган Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын потенциалын толук пайдалануунун зарылдыгын белгиледи.

«Түрк кеӊешинин аймагында жаӊы темир жол линияларын куруу долбоорун, анын ичинде Кыргызстанды бир тарабы Өзбекстан, экинчи тарабы Кытай менен байланыштырган жаӊы темир жол долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасы үчүн чоӊ мааниге ээ», — деди ал.

Садыр Жапаров түрк дүйнөсүндө колдоого алынчу негизги тармактардын бири туризм экенине токтолду. Президенттин айтымында, туризм чөйрөсүн модернизациялоо, түрк дүйнөсүнүн туристтик картасын түзүү, аны жайылтуу ТМККнын мүчө-мамлекеттерине пайдалуу натыйжаны алып келет.

«Түрк дүйнөсү — бул эң оболу түрк цивилизациясы, андыктан биз дүйнөлүк тарыхта өзгөчө ролду ойногон түрк цивилизациясынын очогун, тарыхый-архитектуралык эстеликтерин, жаратылышын, салт-санаасын, маданиятын көрсөтүүнүн жана аны жайылтуунун бирден-бир жолун туризмден көрөбүз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы түрк дүйнөсүнүн маданий-гуманитардык байланышын чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасынын фонду, Түрк академиясы түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясын жандандырууда, жалпы түрк дөөлөттөрүн, баалуулуктарын жайылтууда бараандуу милдетти аткарып келе жатканын кошумчалады.

«Биздин күчүбүз — рухубузда, бай маданиятыбыз менен тарыхый мурасыбызда», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси жана оюндардын 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда ийгиликтүү өтүшү дүйнөлүк коомчулук тарабынан чоӊ кызыгуу менен кабыл алынганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров жакынкы келечекте Түркия Бүткүл дүйнөлүк төртүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү пландаштырып жатканын эске салды. Түрк дүйнөсүнүн гана эмес, дүйнөлүк брендге айланган Көчмөндөр оюндарын Түркияда эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө кырдаал мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: