Menu

ИИМ: Тоо-кен өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен коомдук тартипти сактоону камсыздоо маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-мартта ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков тоо-кен өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен баалуу жана түстүү металдарды  өндүрүүчү аймактардагы коомдук
тартипти сактоону камсыздоо маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугуушунун максаты – баалуу жана түстүү металдарды өндүрүүчү аймактардагы коомдук тартипти сактоону камсыздоодо өз ара мамилени жана кызматташтыкты жакшыртуу.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков  бул жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп,  тоо-кен өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Андан сырткары, баалуу жана түстүү мателдарды өндүрүүчү жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыздоого милиция активдүү катышууга ар дайым даяр экендигин баса белгиледи.

Андан соң Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги  милициянын полковниги Сталбек Рахманов сөз сүйлөдү.  “Бүгүнкү күнү   баалуу жана түстүү металдарды  өндүрүүчү аймактарда катталган окуялар жөнүндө бардык билдирүүлөр ИИМге 102 кызматы аркылуу түшөт.  Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна терс таасирлерди  тийгизүүнү алдын алуу, андан сырткары өздүк мүлктөрдү коргоо максатында ички иштер министрлиги чыр-чатак болгон жерлерге өзүнүн күчтөрү менен
каражаттарын жөнөтүүдө. Мындай   биздин аракеттер менен  анын терс кесепеттерин алдын алып, жергиликтүү калк менен өндүрүүчүлөрдүн ортосунда болгон бардык чыр-чатактарды  баштапкы деңгээлинде чечүүбүз турмуш зарылдыгы”,-деди Сталбек Рахманов.

Ушуга эле катар, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Дамирбек Исаков сөз сүйлөп, “Биздин ИИМдин Күзөт кызматы маанилүү обьекттердин, имараттардын коопсуздугун сактоо жана камсыздоо менен алектенип келет. Андан сырткары, ички иштер органдарынын кызматкерлерин ар кандай имараттарды, анын ичинде жеке уюмдарды келишимдик негизде коопсуздугун сактоого тартууга болот. ИИМдин Күзөт кызматы  жеке мүлктөрдү сактоо үчүн татаал эмес коопсуздук чараларын кабыл алууну сунуштайт жана жарандар менен юридикалык жактардын мүлктөрүн милициянын коргоосуна берүү коопсуздукту
камсыздоонун ишенимдүү ыкмасы деп эсептейт”,-деп баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында  баалуу жана түстүү металдарды өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү  тоо-кен өндүрүүчү ишканаларда коомдук коопсуздукту жакшыртуу боюнча презентецияны жана адамдардын жүздөрүн тануу тутуму менен онлайн режимде иштеген видеокамералар кандай иштеп жаткандыгын көргөзүштү. Министр Улан Ниязбеков өкүлдөргө жогорудагы видеокамераларды өздөрүнүн ишканаларына орнотуу керектиги жөнүндө маселелерди кароого сунуш берип,  ал видеокамералар тоо-кен иштетүүчү
ишканаларда коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоого жардам болоорун белгиледи. “ИИМ дайыма сиздер биргеликте иштешүүгө даяр, бизге тиешелүү маселелер боюнча кайрылсаңыздар бардыгын чечип берүүгө даярбыз”,- деди министр сөзүн жыйынтыктап жатып.

Жолугушуунун жүрүшүндө келген меймандар министрге түз суроолор менен кайрылып, бардык суроолоруна жогорку деңгээлде жоопторун ала алышты. Мындан ары да жолугушуулар боло тургандыгы белгиленди. Жолугушуу жылуу маанайда, бири-бирин түшүнүү жана иштиктүү чөйрөдө өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: