Бүгүн, 31-мартта Бишкекте Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан мурдагы вице-мэр А.А. жана УКМКнын кызматкери А.Ж. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алар Бишкек шаарында кымбат баалуу жер тилкелерин берүүдө мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча иликтенген кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Тергөө учурунда жогорудагы чиновниктер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым чиновниктер жана аффилирленген адамдар менен тил табышып, мыйзамсыз баюу максатында, Бишкек мэриясынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүп, аффилирленген жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого мажбурлаганы аныкталды.
Шектүүлөр Бишкек гарнизонунун гаупвахатасына камалды.
Учурда кылмыш ишин тергөө уланууда, ишке катыштыгы бар башка адамдар аныкталууда.
Айрым маалыматтарга караганда, Азиз Алымкулов кармалган. Ал 2019-жылдын февралынан 2021-жылдын февралына чейин вице-мэр болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ