Menu

Биринчи Май райондук салык органынын начальниги ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын начальниги ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Кызматтан бошотууга пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалышы негиз болду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы жер-жерлерде коррупциянын булактарын аныктоо жана түп-тамыры менен жок кылуу, ошондой эле коррупциянын келип чыгышына жана көбөйүүсүнө шарт түзүүчү факторлорду жоюу боюнча чоң масштабдагы иш-чараларды өткөрүүдө.

Коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү маселелери Салык кызматынын коллегиялык отурумунун, аппараттык кеңешмелеринин жана жумушчу жолугушууларынын күн тартибине туруктуу негизде киргизилүүдө. Коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында утурумдуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Мындай фактылар аныкталган учурда материалдар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн тез арада укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Тилекке каршы, Салык кызматынын жетекчилиги тарабынан ведомство ичиндеги коррупция жана паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга карабастан, салык органынын кызматкерлери пара алгандыгы үчүн кармалган фактылар орун алууда.

Салык кызматынын жетекчилиги таза эмес кызматкерлердин аныкталышына кызыкдар жана коррупциялашкан кызматкерлерден арылуу боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: