Menu

Данияр Көбөнов: “Чоң таймашуулар, сыноолор алдыда турат”

Бөлүшүү:

Жакында Бишкектен Америкада жашап, иштеп жүрөт деген кыргыздын атактуу балбаны,  грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер  Данияр Көбөнов мырзага жолугуп, кенен маектештик. Ал  Америкадагы жашоосу, алдыдагы бийик максаттары, учурдагы кыргыз балбандарынын чеберчилиги тууралуу кеп кылып берди.   

Данияр мырза, сизди Америка Кошмо Штаттарында жашап, ошол жакта иштеп жүрөт дешти эле. Бишкекке качан келдиңиз?

-Туулуп, өскөн мекеним Кыргызстанга  Америка Кошмо Штаттарынан келгениме эки ай болуп калды. Эл-жеримди сагынычым али дагы тарай элек. Досторум, жакшы санаалаштар менен жолугуп, черим жазылып жаткан учур. 

Учурда спорт менен да машыгып жүрөсүзбү? 

-Азыр мен грек-рим күрөшү менен алектенгенимди убактылуу токтотконум менен бул жерде да  башка профессионалдуу спорт түрүнө машыгуу иштери менен алек болуп жүрөм. Дагы кошумча англис тилин тереңирээк үйрөнүп, бизнес, ишкерлик кылганды да үйрөнүп жатам. 

-Америкада эмне менен алектендиңиз? 

-Америкада мен акыркы убакыттарда машыгуу иштери менен алек болуп, ал жерден дагы ишкерликти, бизнес кылганды үйрөнүп, кошумча окуп жаттым. Заманга жараша  азыр мен Америкада дагы болуп, Кыргызстанга дагы келип турам. Америкада менин досторум бар, кээде-кээде кызыкчылык үчүн штаттарды кыдырып, таанышуу үчүн жүк ташуучу чоң машиналарды айдап, досторго жардам берип койом.  Бирок бул эң маанилүү ишим эмес, ал жакта дагы машыгууларды жүргүзүп, чакан бизнес ишин баштап жатам. Бизнес кылуу үчүн, окуп, үйрөнүп, жакшы даярдык көрүш керек экен. Ошондуктан бул тармакта мен азыр турак үйлөрдү иликтеп, үй куруу боюнча ишкерликти үйрөнүп, кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенем. Акча табуу, аны туура пайдалануу оңой-олтоң иш эмес экен. Жашоонун өйдө-төмөнү мени чыйралтты, чыңалтты, такшалдырды. Кагылып- согулуп, көп нерсеге көзүм жетти. Америкада жүрүп, жалкоолуктан арылып, көп мээнет кылууну үйрөндүм. 

Грин карта алдыңыз беле?

-Ооба, Америкада жашоого грин карта утуп алгам. Мындан 10 жыл мурда дагы барып, бир жылдан ашуун жашап, иштеп келгем. 

-Үй-бүлөө курган элеңиз. Келинчегиңиз дагы Америкада жашоону ылайык көрүп жатабы?

-Келинчегим Айгүл менен 2-3 жума Түркияда эс алып, азыр Бишкекке келгенбиз. Менимче азыр бул жерде болуп турабыз. Чукул арада көз жарганы турат. Наристе күтүп жатабыз. Ошондуктан өз үйүң, өлөң төшөгүң деп,  Бишкекке келдик. Келинчегимдин кесиби экономист, абдан зээндүү, жакшы таалим-тарбия көргөндүктөн ар дайым мени колдоого алып, түшүнүп турат. Кайын-журтумдун тамыры көлдөн болот. Бишкекте турушат. Кайын атам дагы спортту түшүнгөн, күрөш боюнча СССР спорт чебери болгон адам. 

– Биздин грек-рим күрөшү боюнча тандалма команданын мүчөлөрүнө дагы кеп-кеңеш айтып, тажрыйбаңды бөлүшүп жүрөсүзбү?    

-Биздин балдарга, жаш балбандарга кээде-кээде тажрыйбамды бөлүшүп, кеп-кеңештерди берип турам. Жакында өткөн быйылкы өлкөбүздүн чемпионатты  атайын барып көрдүм, жакшы таланттуу, шыктуу балдар өсүп келаткан экен. Албетте, кээ бир балдарга мен атайын кеп-кеңешимди берип, күрөш ыкмаларын үйрөтүп, кемчиликтерин жоюу жолдорун айтып берип турам. 

-Быйыл Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга кыргыз балбандарынан  грек-рим күрөшүнөн Атабек Азизбековдон башка дагы кимдер жолдомо алышы мүмкүн?

-Жакында апрелде Алматы шаарында Токио шаарында өтө турган олимпиада оюнарына жолдомо алуучу Азиялык турнир болот. Ошондо грек-рим күрөшүнөн  2 же 3 жигит жолдомо жеңип алышы мүмкүн. Эл аралык аренада таанылып келаткан дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков учурда табында экен, ушул жигиттин жолдомо алганга мүмкүнчүлүгү бар. Ал өткөн жылдын декабрь айында Сербия өлкөсүндө өткөн дүйнө Кубогунда алтын медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылып койду.   Андан кийин 97 килограмм салмакта өлкө намысын татыктуу коргоп келаткан   Үзүр Жусупбеков  деген балбан өсүп келе жатат, анын тажрыйбасы жогорку деңгээлде. Ал Азия чемпиону болуп, жакында эле Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы баш байгени утуп алды.  Анан Калы Сулайманов, Акжол Махмудовдун дагы келечеги кең.  Бүгүнкү күнгө чейин бул балдарды күч сынашууларга даяр сыяктуу көрдүм. Бирок, алдын ала айтуу кыйын. Алдыдагы күрөш, килем үстүндөгү таймаш көрсөтөт.  Бирок алардан сырткары дагы эки  жаш жөндөмдүү  балдар бар экен, алардын келечеги кең, өздөрүн кийинки чемпионаттарда көрсөтүшөт го деп ишенип турам. 

-Спорттук күрөш боюнча Айсулуу Тыныбековадан башка эр азаматтардан дүйнө чемпиону жок. Эмне үчүн ушундай бийиктикке жигиттер жете албай турушат?

-Чынында Айсулуу феномен, таланттуу балбан кыз. Кыргызды дүйнөгө, эл аралык аренага таанытып койду. Алыска чуркаган күлүктөй эле, намыска жарап, улам бир турнирлерди, дүйнө кубогун да утуп, табында келатат. Эми Токио олимпиадасынан байге утуп, олимпиада чемпиону болсо экен деп тилек кылып жатам. Анын мындай спорттук бийиктиктерге жетүүсүнө устаты Нурбек Изабековдун салымы тоодой. Кыздар, айымдар күрөшү дүйнө жүзүндө жаңыдан өнүгүп, кулачын кеңири жайып келатат. Айсулуунун жолун жолдогон кыргыз кыздарынан дагы дүйнө чемпиону чыгышы толук мүмкүн. Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу кыз балбандардан үмүт чоң.    

Келечекте Айсулуу сыяктуу  күрөшпү же башка спорт түрүнөнбү дүйнө чемпиону чыгыш керек.  Бирок бизде эр азаматтардан андай чемпион азырынча жок. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери эркек жигиттер арасында бокс, грек-рим, эркин күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика жана башка олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча бир да дүйнө чемпиону жок. Муну ачык эле айтып, моюнга алып, намыстанып, аракет кылышыбыз керек. 

-Сиздин деле дүйнө чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүңүз бар беле? Эмне себептен дүйнөлүк бийиктикке жетпей калдыңыз? Арман кыласызбы? 

 – Генерал болууну эңсебеген жоокер болбойт, дегендей бардык спортчу дүйнө чемпиону болсом деп тилек кылат.  Мен дагы дүйнө чемпиону болсом деп, аракет кылдым. Бирок,  талбай машыгуу, тер төгүп, мээнет кылуудан сырткары дагы таасир эткен факторлор, жагдайлар болот экен. Кээде калыстар калыстыктан тайып, чоң таасирдүү мамлекеттердин көзүн карап, кендириңди кесип, жолуңду тосуп коет экен.  Мен  2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү болуп, коло медаль таныгдым.  Эми өзүм жөнүндө айта кетсем, мен дүйнө чемпиону боло алмакмын. Мен өзүмдүн кемчиликтеримди билем,мага бир аз гана жетпей арманда калдым. Лондон Олимпиадасынын алдында салмагым 84 килограмм болуп, дээрлик 10 килограммга толуп кеткен элем. Анан салмак кууйм деп ички энергиямдын баарын берип салдым. Тамак-аштан өзүмдү чектеп диета кармадым, бирок негедир салмагым жогорулап кетти. Жеңилишиме өзүм күнөөлүүмүн. Күнөө өзүмдө гана болду. Кээде чектен ашыра күч-кубат жумшап, катуу машыгып алып, кайра калыбыма келеалбай калган учурлар да болду.
Азыр көп нерсеге көзүм жетти. Эгерде азыр күрөшсөм мен башкача даярдык көрөт элем. Бирок бизге дүйнөлүк деңгээлдеги кеп-кеңеш берип турган  адис жетпей жатат. Мен грек-рим күрөшүн гана мисал кылып айтайын. Дүйнөлүк деңгээлдеги адистер командасы иштеген  Орусия же ошол эле Иран,  ошол эле Азербайжан, Кытай, Түштук Корея өлкөлөрүндө дүйнө чемпиондору бар. Бизге ошол мамлекеттердегидей дүйнөлүк адистер, устаттар жетишсиз болуп, аксап турабыз. Биздин деңгээлибиз кичине жетип, жетпей, бир аз чийки болуп турат. Чынында  дүйнө чемпионатынын байге ээлери бар, дүйнө чемпионатынын финалына чейин барып, бир тепкич жетпей турабыз. Ошондой эле Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарын уткан балбандарыбыз бар. 

-Эмне себептен биздин балбандарга бир кадам жетпей жатат? 

-Анткени бизге ошол жетишпеген жактарды талдоого алып, майда деталды бизге дүйнөлүк  деңгээлдеги машыктыруучу, адис айтып, кеңеш бериши керек эле. Алар жөн гана машыктыруучу эмес, консультант катары келип, бизге килемде даярдык көрүп жатканда кеп-кеңеш берсе ошондо биздин жигиттер дүйнө чемпиону болмокпуз. Бирок дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар айына 5000 АКШ доллар айлык акы алышат. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Эгер 5000 долларды мамлекетибиз  төлөй турган болсо, кийинки учурда дүйнө чемпионун чыгарсак болот. Азыркы учурда грек-рим күрөшү тууралуу маалымдай кетсем, бизге дүйнөлүк деңгээлдеги адис машыктыруучу келиши керек да. Биздин устаттар деле келечекте дүйнөлүк чемпиондорду өзүбүз эле чыгарабыз деп көп жылдан бери айтып келе жатат, бирок эгемендик алганы 30 жылдан бери тарбиялай элек. Бул жагдайды алар  өздөрү терең ойлошу керек. 

-Дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучудан сырткары дагы спорттук медицина, фармакология дагы спорттук көрсөткүчтөргө таасирин тийгизеби? 

-Чынында  дүйнөлүк чемпион наамына биздин деңгээлибиз жете элек, ал үчүн эч кандай фармакология жана  спорттук медицинанын кереги жок. Алар бир аз гана көмөкчү болушу мүмкүн. Бизде таланттуулар көп, бирок мен дары-дармек менен күч-кубаттуу болот деген пикирге анчалык кошула бербейм. Табигый экологиялык таза азыктар жетиштүү болот.  Фармакология жана витаминдер менен чемпион болуу жетишсиз. Мисалга Куба өлкөсүнүн балбандарын, спорт мектептерди көрсөңүз керек, аларда эч нерсе жок, аябай кедей мамлекет.   Куба өзү биздей жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Спортчулары кесипкөй болбой эле, олимпиада, дүйнө чемпиондору  такси айдашат, май куюуучу жайларда, курулушта иштешет” дейт. Алардын биздикиндей укмуш фармакологиясы, спорттук медицинасы жок. Эч кандай дары-дармек, витамин колдонбой эле, аларда Олимпиада жана дүйнө чемпиондору чыгып жатпайбы? Эң негизгиси дүйнөлүк деңгээлге жеткен өздөрүнүн машыктыруучулары, адистери жана спорттук мектептери бар. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, билимдерин жогорулатып, окуп-үйрөнүп, изилдеп, иликтеп турушкан үчүн натыйжа болууда. Чемпиондорду чыгарган устаканадай, фабрикадай эле системалуу иш алып барышат. 

– Америкалыктардын спортко көз карашы кандай экен. Алардан эмнелерди үйрөнө алдыңыз?

 -Америкалыктар ден соолугуна өзгөчө маани берген калк экен.Спорт менен машыгып, ийгиликтерге жеткен жаштарга окуудан жеңилдиктер берилип, кепилдик болот экен. Америкада жашаган  адамдар көп эмгектенишет.Спортчуларды да баалап, барктап, урматтап турушат. Биздин балдар күнүгө эртең менен 2 саат, түштөн кийин 2 саат машыгышса, ал жакта биздин балдардан эки эсе көп 8-10 саат машыгууга убакыт жумшайт экен. Америкада күрөш эмес, башка спорт түрлөрү да жогорку деңгээлде өнүккөн. Ошол эле бокс, азыркы UFC чемпиондору: Тайсон, Мухаммед Али, Мэнни Пакьяо залкар спортчулар чыккан. Ал жакта көп эмгек кылат экен. Ал жактан ошол күжүрмөн эмгекти, мээнет кылганды үйрөндүм. 

Ошондуктан бизден олимпиада, дүйнө чемпионун чыгарабыз десек анда дүйнөлүк машыктыруучуну алып келишибиз зарыл. Мен муну өзүмдүн жон терим менен билген спортчу катары айтып жатам. Келечекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, дзюдо, оор атлетика жана башка спорт түрлөрүнөн дүйнөлүк чемпионду чыгарабыз десек, анда бизде тажрыйба жетиштүү болушу керек. Эгер  мен айткандай дүйнөлүк адистерди алып келбесе, анда чыгышы кыйын. 30 жылдан бери бир да дүйнөлүк чемпион жок. Муну деген бүткүл мамлекет жетекчилери ойлонушу керек. Бизге эл аралык деңгээлдеги адистер жетишпей жатат. Же чет өлкөлөрдөгү спорт борборлорунан, белгилүү мектептерден окуп, ошол жакта иштеп, тажрыйба топтоп келишибиз керек. Ал үчүн бир топ жыл убакыт зарыл. Дүйнөлүк спорт бизди карап отурбай, дагы алдыга кеткен поездей өсүп-өнүгүп кете берет.

Эгемендүү өлкө болгону спорт тармагынын статусу улам кичирейип баратат. Мурда өзүнчө министрлик, анан мамлекеттик комитет болсо, кийин дагы кичирейип малекеттик агенттик болгон эле. Жакында дагы кыскарып, маданият министрлигинин карамагына кошулду. Бул өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?    

-Спорт тармагына мамлекет өгөй баласындай мамиле кылып келеатат. Сиз айткандай улам статусу, даражасы кичирейип, бюджети кыскарып баратат.  Менимче маданият өзүнчө бөлөк болушу керек. Маданият менен спорттун өзгөчөлүктөрү, айырмасы асман менен жердей. Спорт менен маданият эки башка түшүнүк, эки бөлөк тармак. Бир арабаны эки атка чексе болот. Бизде тескери болуп, бир чабал атка эки арабаны чегип алгандай эле кеп болуп калды.  Спорт Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткандан кийин өзүнчө болушу зарыл эле. Саясатка аралашкым келбейт. Бирок, спорт Кыргызстан үчүн кандайдыр бир өзүнчө өзгөчөлүгү, милдети бар тармак болуп эсептелет. Маданият министрлигине кошуп, спортчулар маданияттуу, тарбиялуу болсун дегени жакшы. Бирок Кыргызстандын желеги президент чет өлкөгө расмий сапар менен барганда жана спортчулар дүйнө, Азия чемпионаттарын, Олимпиада оюндарында жеңгенде гана өлкө желеги обого бийик көтөрүлүп, Гимн ойнотулат. Ошондуктан спортту өнүктүрүүгө  мамлекеттик деңгээлде салым кошуп, камкордукка алып, шарт түзүү зарыл. Учурда коңшу  Казакстан жана Өзбекстандан ат чабым артта калып жатабыз.  Ал мамлекеттерде спорт тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Бирок бул жерде менин оюмча кеп акчада деле эмес,  алар адистердин деңгээлин жогору көтөрүп жатышат. 

Кээ бир машыктыруучулар мени жаман көрүп, “Данияр биздин колдон таалим-тарбия алып, суу ичкен кудугуна түкүрүп жатат. Өзүбүз эле машыктырып, дүйнө чемпионун чыгарабыз” деши да мүмкүн. Бирок, ачуу болсо дагы чындыкты айтышым керек. Мейли аларды машыктыруучу катары алып келбесек да кеңеш берген адис катары алып келишибиз зарыл.Бул үчүн атайын мамлекеттик программа иштеп чыгып, долбоор катары ишке ашыруу керек. Себеби, бул  мамлекеттик деңгээлдеги маселе, жетекчилер ойлонуш керек. Учурда олимпиада чемпионун чыгаруу бул эң маанилүү маселенин бири. 

Иниңиз дагы сиздин жолду жолдоп күрөшүп, өлкө намысын коргоп жүргөн эле. Азыр эмне менен алек болуп жүрөт?

-Иним күрөшпөй калган, ал азыр өзүнүн үй-бүлөсүн багууга аракет кылып, ишкерчилик кылып жүрөт. Андан башка бир да бир тууганым күрөшкөн жок. Мен беш бир тууганмын. Аларга баш көз болуп, жол көрсөтүп, үлгү болууга аракет кылып келеатам. 

-Спорттон тышкары эмнеге кызыгып жатасыз?

 -Спорттон тышкары мен бизнес, ишкерлик менен алектенем. Менин негизги кесибимдин бири-юрист болгондуктан бул тармакты үйрөнүш үчүн дагы көп окуп жатам. Ал үчүн насаатчылар дагы керек экен. Америкадагы досторум кеп-кеңештерди айтып, багыт берип турушат. Ал жактагы кыргыздар, башка улуттар менен да мамилем жакшы. Эң бакшысы спорттон кол үзгөнүм жок. Спорттун дагы бир түрү боюнча чоң таймашууларым, сыноолорум алдыда турат. Кыргызстанды дагы бир нече ирет таантып, дүйнө чемпиону болуу тилегимди орундатуу үчүн талбай машыгууларды өткөрүп, даярдык көрүп жатам. Ал спорттун кайсы түрү экенин кийин билесиздер. Азырынча табышмак, сыр болуп турсун. Спорт- бул менин жашоом, арманым, рахатым. Эркин күрөш, бокс, джиу-джитсу, эрежесиз эр кармаш менен дагы машыгып, спорттук табымды, формамды сактап жүрөм.

-Чын дилден жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Сизге чың ден соолук, ийгилик, жеңиш каалайлы. 

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, спорттук баяндамачы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: