Menu

Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

2021-жылдын 11-12-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен 2021-жылдын 30-31 мартында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев баштаган Жалал-Абад облусунун делегациясынын Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна иш сапары уюштурулду. Бул тууралуу Кырргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаевдин Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун хокими Шавкатжон Абдуразаков менен өткөрүлгөн расмий жолугушуусунун жүрүшүндө, тараптар эки облус ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты талкуулашты. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов дагы катышты.

Саламдашуу сөзүндө Элчи Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын белгилеп, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жаатында жетишилген келишимдер жөнүндө кыскача маалымат берди.

Расмий жолугушуудан кийин Наманган шаарындагы «Уч фаввора» («Үч фонтан») мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүү аземи уюштурулду.

Сапардын расмий бөлүгүн улантып, 2021-жылдын 31-мартында Наманган шаарында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн 40тан ашуун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жалал-Абад-Наманган» бизнес-форуму болуп өттү. Бизнес форумдун алкагында B2B жана B2G жолугушуулары да өткөрүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

70 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: