30-мартта Өзбекстанда укук коргоо органдары өткөн аптада сабалган блогер Миразиз Базаровдун батиринде тинтүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу «Фергана» басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Батирдин ээси күч кызматкерлерине эшикти ачып берген, алар Базаровдун компьютерин алып кетишкен. Протокол түзүлгөн эмес.
Кийинки күнү блогердин үйүндө да тинтүү жүргөн. ИИМ кызматкерлери видеокамераны, фотоаппаратты жана блогердин эски телефонун, апасынын компьютерин алышкан.
Миразиз Базаровдун сабалышы боюнча Кылмыш кодексинин «Атайлап денеге зыян келтирүү» беренеси боюнча иш козголгон. Күн мурун басылманын булактары блогердин достору ички иштер бөлүмдөрүнө чакырылып, алардан ЛГБТ темасы боюнча гана сурап жатканын билдиришти.
28-мартта Ташкенттин Амир-Темур көчөсүндө жапон анимесин жана корей поп-музыка сүйүүчүлөрү үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан блогер Миразиз Базаровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишкен. Дарыгерлердин айтымында, блогердин ички органдары жабыркап, сол буту сынып, мээси чайкалган.
Миразиз Базаров Telegram каналында Өзбекстандын Кылмыш кодексинен «Гомосексуализм» беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди сындап, бийликти коррупцияга айыптап, ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ