Бүгүн, 1-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 164 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 97, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 51, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 88 538 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 88 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 897ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 46, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 32, Жалал-Абад облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1500гө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ