Menu

Министр Алмазбек Бейшеналиев Араван районунун билим берүү мекемелерине барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Т. Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту. Жолугушуу эркин форматта болуп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашты. Бул тууралуу КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Орто мектеп авариялык абалда, Алмазбек Бейшеналиев маселенин орчундуу экенин баса белгилеп, бир райондогу бир объектти бүтүрүү тизмесине коштурууну тапшырды.

Иш сапарынын алкагында министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге, “Гүлбаар” балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып чыкты.

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош шаарындагы бир канча мектептерди күтүүсүз текшерди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: