Menu

Токмокто миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында кармалган кримавторитет “Точкага” кандай жаза берилди?

Бөлүшүү:

Токмок шаарында миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында кармалган “Точка” аттуу криминалдык авторитетке айып пул салынып, сот залынан бошотулду. Бул тууралуу Токмок шаардык сотунун өкүмүндө айтылат.

1975-жылы туулган “Точка” каймана аты бар кримавторитет 2021-жылдын 4-февралында саат 16:00 чамасында, Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында милициянын көңүлү мас абалда болгон адамга түшкөн. Анын документтерин текшерүү учурунда, жанынан Макаров тапанчасы табылган. Ал табанчанын документтерин көрсөтө албагандыктан, Токмок шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын өздүгү такталып, ал кылмыш дүйнөсүндө “смотрящий” статусуна ээ экени, мурда бир нече жолу соттолгон “Точка” аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталган.

Сот залында айыпталуучу 4-февралда саат 12:00 чамасында Токмокко Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келип, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткандыгын айтты. Андан соң ал эл менен чогуу көрүстөнгө барган, ал жакта ага белгисиз адамдар келип, өздүгүн тактаган документтерди талап кылышкан. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери сумкасынан Макаров тапанчасын табышкан. Ал тапанчаны эки күн мурун көчөдөн таап алганын, бирок аны ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө үлгүрбөй калганын айткан.

Айыпталуучу өкүнүп, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, соттон аны эркинен ажыратпоону суранды.

Натыйжада айыпталуучуга 280 миң сом айып пул салынып, сот залынан бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: