Menu

Кыргызстанда издөөдө жүргөн жаран Москвада кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө укук коргоо органдары тарабынан ар кандай жасаган кылмыш иштери үчүн изделип, Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн кылмышка шектүү адамдарды издөө жана кармоо боюнча иштерди улантууда. КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен мекенинде оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жаран аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран, 1993-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Ж.Т., Таш-Көмүр шаардык ички иштер органдары тарабынан ден соолукка зыян келтиргендиги үчүн издөөдө жүргөн. 2020-жылы күзүндө, Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарынын биринде ал башка белгисиз жарандар менен биргеликте жергиликтүү тургунду себеби жок сабап, денесине зыян келтирген, андан кийин кылмыш болгон жерден качып кеткен.

Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүмү (Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп, ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Кийин белгилүү болгондой, ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында чет өлкөдө жашынып жүргөндүгү аныкталган. Мындан тышкары, кармалган жарандын дагы башка кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда издөөнүн демилгечисине билдирүү жөнөтүлдү.

Россияда

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен ден соолукка атайылап оор зыян келтиргендиги үчүн издөөдө жүргөн адам кармалды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: