Menu

Баткен облусунда “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” машыгуусу башталды

Бөлүшүү:

Баткен облусунда КРнын Коргоо министрлигинин “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021”   Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу салтанаттуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ачылуу аземине КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, КРнын Коргоо министри генерал- майор Таалайбек Омуралиев жана тийиштүү бардык органдардын кызматкерлери катышты. 

Ыйгарым укуктуу өкүл катышуучуларды машыгуунун башталышы менен куттуктап,  “окутуулар сиздердин кесиптик дараметиңиздерди жогорулатууда чоң тажрыйба болот деп ишенем.  Учурдан пайдаланып, аскер кызматкерлеринин өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеймин. Сиздердин күжүрмөн аракетиңиздер менен элибиз тынч жана бейпил  жашоодо күн кечирип келет.Биз сырткы ар кандай коркунучтардан коргой алган ишенимдүү күчүбүз, кубаттуу армиябыз бар экенине ишенебиз.Өнүгүү үчүн биринчи кезекте тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук керек” деп белгиледи. 

Машыгуу 2021-жылдын 1-2- 3-апрель күндөрү өтөт. 

Машыгуунун биринчи  этабында аймактын мамлекеттик башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарышат. 

Кийинки этаптарда аскердик машыгуу, өзгөчө кырдаал учурундагы элдерди эвакуациялоо, ички иштер органдарынын стратегиялык обьект Төрт-Гүл суу сактагычын кайтаруу аракеттери болот.    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: