Menu

УКМК: Депутат Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду

Бөлүшүү:

КР УКМК Кылмыш-жаза кодекстин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) кылмыш курамынын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР ЖК депутаты М.Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду, ал эми, зыяндын калган бөлүгүн, келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөй тургандыгын маалымдайт.

Эскерте кетсек, М.Аманкулов кызмат ордуларына дайындалып турганда мыйзамсыз баюусу, ошондой эле тиешелүү салык төлөмдөрүн
төлөбөй коюуга шектелген болчу. Такталган боюнча, М.Аманкуловдун жакын туугандары жана аффилирленген адамдары тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы, жана алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөң бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында, активдерин кирешелери расмий
тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен, активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган.

М.Аманкулов 2008-2020-жылдар аралыгында өзүнүн саясий таасиринен жана Бишкек шаардык кеңешиндеги жана КР ЖКдагы кызмат абалынан пайдаланып, активдерин кыйла көбөйткөн деп болжолдонууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: