Menu

Жумалиевдин камактагы мөөнөтү узарды

Бөлүшүү:

Коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиевдин камактагы мөөнөтү 14-апрелге чейин узартылды. Токтомду 31-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга, 4-апрелге чейин камакта калтырган.

Ал март айынын башында Бишкектеги менчик ооруканага кан басымына жана жүрөк оорусуна байланыштуу жатканы кабарланган.

Жумалиев Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасынан УКМКнын тергөө абагына кайтканын атайын кызмат 29-мартта кабарлаган.

Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: