Тажикстанда Түндүк Кореяны Түштүк Кореядан айырмалай албаган Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Самариддин Ализода кызматтан бошотулду.
18-мартта Ализода AstraZeneca вакцинасына байланыштуу атайын пресс-конференцияга даярдыксыз келген. Натыйжада соцтармактарда ал сынга кабылган. 31-мартта президент Эмомали Рахмон министрдин орун басарын жумуштан алуу боюнча токтомго кол койгон.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги өз булак Ализода басма сөз жыйынына даярдыксыз келгени үчүн иштен алынганын тастыктады.
18-мартта өткөн жыйын учурунда Самариддин Ализода Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун туруктуу өкүлү менен ЮНИСЕФтин Тажикстандагы өкүлүнүн атын эстей албай койгон. Мындан тышкары ал Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны алмаштырып алган. Ал жыйында отургандардын сынына: «Кандай айырмасы бар – Түндүкпү же Түштүкпү, Корея деген Корея!» деп жооп берген.
Самариддин Ализода былтыр май айында — коронавирус менен күрөшүү күөп турган маалда министрдин орун басары болуп дайындалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ