БУУнун Мьянма боюнча атайын чабарманы аскердик төңкөрүштөн кийин өлкөдө жаралган кырдаал болуп көрбөгөндөй масштабда жарандык согушка алып барышы ыктымал экенин билдирди.
31-мартта өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жабык сессиясында Кристин Шранер Бургенер дүйнөлүк державаларды кан төгүүнү токтотуу чараларын көрүүгө чакырды.
Атайын чабарман бул үчүн эмне жасалышы керек экенин так айткан жок, бирок Мьянма аскердик төңкөрүштөн кийин мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуунун алдында турганын айтты.
1-февралда Бирманын армиясы шайлоо аркылуу бийликке келген өкмөттү кулатып, өлкөнүн де-факто лидери Аун Сан Су Чжини жана анын башка партиялаштарын камакка алган. Натыйжада дээрлик он жылдан кийин бийлик кайра армиянын колуна өткөн.
Аскердик хунта ноябрь айындагы шайлоо “бурмаланганы үчүн” бул кадамга барганын билдирген. Бирок мындай дооматтарын бышыктоочу далилдерди көрсөтө алган эмес. Ноябрдагы парламенттик шайлоодо Аун Сан Су Чжинин “Демократия үчүн улуттук лига” аттуу партиясы чоң жеңишке жетишкен болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ