Menu

Өзбекстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 1-апрелден тартып өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы жапырт эмдөө башталат.

Эмдөөдө өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 жана британиялык AstraZeneca препараттары колдонулат.

Апрелде Ташкент, Нукус шаарларында жана облус борборлорунда 142,3 миң кишини эмдөө пландалууда.

Министрлик эң биринчи 65 жаштан жогорку кишилер, медицина кызматкерлери жана өнөкөт оорусу барлар эмдөөдөн өтөөрүн маалымдады.

Мындан тышкары мектеп, бала бакча кызматкерлерин, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн эмдөө каралууда.

Бул үчүн өлкөдө 3138 эмдөө пункту жана 862 медициналык бригада даярдалды.

Эмдөө жараянына 4000 дарыгер жана 11 000ден ашуун медайым тартылат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: