Кытайдан Казакстанга жеткирилгени кабарланган үч миллион “флакон вакцина” QazCOVID-in препараты үчүн бош айнек идиштер болуп чыкты.
Бош айнек идиштер казакстандык вакцина үчүн алынып келингени тууралуу 31-мартта Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрүн иликтөө институтунун башчысы Кансулу Закарья билдирди.
— Ооба, идиштер биздин вакцина үчүн, Аларды Кытайдан буйрутма менен алып келдик. Биздин вакцина флакондордо сатылат. Ага бардык эле идиш жарай бербейт, сертификаты бары керек, — деди Закарья.
Анын айтымында, азыр айнек идиштер институтка жеткирилип, стерилизациялоо иштери башталды.
Закарья үч миллион флакондун баасы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Буга чейин Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо 20-мартта казак басылмаларына берген маегинде өлкөгө “үч миллион флакон вакцина” жеткирилгенин билдирген.
30-мартта Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой Кытайдан вакцина келгени тууралуу маалыматты ырастаган эмес.
31-мартта «Деловой Казахстан» жана «Стратегия 2050» сайттары “үч миллион флакон вакцина” тууралуу макалага өзгөртүү киргизип, “вакцина үчүн флакон келди” деп жазышты.”
“Эркин Европанын” казак кызматы бул боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен аталган басылмаларга жана элчиликке кат түрүндө кайрылган. Бирок азырынча алар жооп берише элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ