Menu

Тажикстандын Уламалар кеңеши жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши өлкө жарандарын эмдөөдөн өтүүгө үндөдү. Кайрылууда эмдөө улут саламаттыгын сактоо үчүн зарыл экени айтылат.

Тажикстан 22-мартта калкты баскыч-баскыч менен коронавируска каршы эмдөөнү баштаган. 9-мартта өлкө COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясын алган. Өлкөгө 192 миң доза жеткирилген. Бул арада Саламаттык сактоо министрлиги орус жана кытай өндүрүшүнөн чыккан вакциналарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады. Тажикстанда жалпысынан 5,8 миллион киши коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек.

Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңешинин кайрылуусунда өлкөнүн бардык патриоттору, айрыкча улуу муун өкүлдөрү өзүлөрүнүн жана айланасындагылардын саламаттыгы үчүн токтоосуз түрдө эмдөөдөн өтүшү зарыл экенин айтылат. Диний кызматкерлер эмдөөдөн баш тартуу терс кесепеттерге алып келиши ыктымал экенин эскертишкен.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин планы боюнча алгач медицина кызматкерлери, экономиканын стратегиялуу тармактарынын кызматкерлери, 60 жаштан ашкан жарандар, өнөкөт оорусу барлар жана билим берүү кызматкерлери эмдөөдөн өтүшү керек.

Тажик бийлиги жыл башынан бери өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 308 киши вирус жуктуруп, 90 бейтап көз жумду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцина үчүн Тажикстанга 8,6 млн доллар бөлгөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: