Бүгүн, 1-апрелде Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары акимиаттын алдына митингге чыгышты. Чогулгандар Ынтымак айылындагы 50 гектар жерди коңшу Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы.
Митингге чыккандардын бири өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдөн кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өз сөзүнүн биринде Ынтымак айылындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү чечими кабыл алынгандыгын белгиледи.
“Биз өзүбүздүн жерибиздин жүз чарчы метрин да өткөрүп берүүгө каршыбыз, бул биздин тарыхый жерибиз. Өзбекстан бул жерлер аркылуу коридор сурашы мүмкүн, бирок биз буга да каршыбыз”, – деди ал.
Митингдин дагы бир катышуучусу эл Ташиевден бул маселени туура чечип берүүсүн суранып жатышкандыгын белгиледи. Дагы бир тургун дал ушул аймакта суу жана жайыттар жайгашканын белгиледи.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ