Menu

Улукбек Марипов: “Мен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн реалдуу жыйынтыктарын көрбөй турам”

Бөлүшүү:

Биздин негизги максатыбыз – бул фермерлер үчүн киреше булагын жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жолу аркылуу агроөнөр жай тармагын реалдуу өнүктүрүү. Учурда мен муну көрө алган жокмун. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана аны өз мөөнөтүндө өткөрүү маселесин талкуулоо учурунда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында айыл чарбасында кластердик механизмди активдүү ишке киргизүү зарыл.

Улукбек Марипов билдиргендей, айыл чарбаны колдоого алуу алкагында мамлекетик бюджеттен техниканы лизингге алуу үчүн 540,1 млн сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган , ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоору боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун маалыматы угулду.

Ал белгилегендей, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде айдоо аянттарын жогорулатуу эсебинен пайдаланылбай жаткан жерлерлердин аянтын кыскартуу, кластердик башкаруу планы иштелип чыгууда.

Өз кезегинде Өкмөт бащчы аталган ишти күчтөндүрүү зарыл экендигин билдирди.

«Карапайым адамдар өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек. Республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет, биз аларды жеткиликтүү крдит, үрөн жана жр семирткичтер менен камсыздап, аларга реалдуу колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Азырынча бул иштердин реалдуу натыйжаларын көрө албай турам», – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: