Menu

Видео – УКМК: Ысык-Көлдө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» уюмдун мүчөсү өз ыктыяры менен баш тартты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында, Ысык-Көл областынын Түп районунундагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун кыймылынын ишмердүүлүгүнө Түп районунун тургуну айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.

Өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, КР жараны  «Т.М.А.» өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: