Menu

Адил Турдукулов: “Оштогу аэропортто жарандарга генпрокурор атайын унаага түшүп кеткенден кийин гана учактан чыгууга уруксат беришкен”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-апрелде Ош шаарына учуп келген жарандарга Башкы прокурор Курманкул Зулушев учактан түшүп, атайын унаага түшүп  кеткенден кийин гана учактан түшүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу журналисттерге жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

“Мен буга өзүм күбө болдум. Болжол менен 10-15 мүнөт күтүүгө туура келди. Эч ким ачууланган жок. Бул деген көнүмүш адат. Революциялар болуп, бийлик каны мене адаттар ошол бойдон калганы өкүнүчтүү.

Ал арада Башкы прокуратура Курманкул Зулушев учактар ​​үчүн каралган эрежелерди сактап, башка жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпай, учактан өз убагында түшүп кетти деп ишендирди. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: