Menu

Казакстанда жакынкы үч айда 250 миң кишиге коронавирус жугушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой президент Касым-Жомарт Токаев катышкан өкмөттүн жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын өнүгүшүнүн үч ыктымал сценарийи менен тааныштырды.

Цой «пессимисттик сценарий» боюнча апрель-июнь айларында өлкөдө коронавирус 370 миң кишиге жугуп, 190 миң адам ооруканага жаткырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Министрдин айтымында, «реалисттик сценарий» боюнча жакынкы үч айда Казакстанда COVID-19 менен 250 миң киши ооруп, алардын 127си ооруканага жатат.

«Оптимисттик сценарийге» ылайык, апрелден июнга чейин 140 миң киши вирус жуктуруп, 71 миң бейтап ооруканага жаткырылат.

Цой өлкөнүн саламаттык сактоо системасы «реалисттик сценарийде» көрсөтүлгөн сандагы бейтаптарды дарылоого кудуреттүү экенин билдирди.

Токаев калкты эмдөө иштери жай жүрүп жатканын белгилеп, абал өзгөрбөсө «кадрдык чечимдерди» кабыл ала турганын айтты.

Казакстанда коронавируска каршы эмдөө 1-февралда башталган. Расмий маалыматтарга ылайык, андан бери вакцинанын алгачкы компоненти 173 миң кишиге сайылды.

Бүгүнкү күндө Европа биримдигинде күнүнө 100-150 миң, Улуу Британияда 500 миң, АКШда миллиондон ашык киши эмделүүдө.

Саламаттык сактоо министри эмдөө жай жүрүп жаткандыгы тууралуу сындарга жооп берип, вакцина тартыш болуп жатканын, апрелде Орусиядан бир нече миң доза келе турганын билдирген. Мындан тышкары ал башка өлкөлөрдөгү вакцина өндүрүүчүлөр менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

Акыркы убактарда Казакстанда күнүнө коронавирус жуктурган миңден ашык жаңы учурлар катталып, вирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча «кызыл» аймакка кирген. Буга байланыштуу өлкөнүн ири шаарлары менен аймактарында карантиндик чектөөлөр күчөтүлгөн.

Расмий маалыматтарга караганда, пандемия башталгандан бери Казакстанда 300 миңден ашык кишиге COVID-19 жана «ковид типтүү пневмония» диагнозу коюлуп, 3,7 миңге жакын бейтап каза болду.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 31 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: