Menu

Арменияда журналистке кол көтөргөн министр кызматынан кетти

Бөлүшүү:

Армениянын жогорку технологиялык өнөр жай министри Акоп Аршакян Еревандагы кафеде журналистти уруп, анын компьютерин колунан алып ыргыткан окуядан кийин 31-мартта кызматтан кетти. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун армян кызматы кабарлады.

«Армениянын жараны катары кызмат адамы башка бирөөгө зомбулук кылганы жат нерсе. Биз зомбулуксуз коомду куруу багытында алдыга жылышыбыз абзел», – деп жазды 35 жаштагы министр «Фейсбуктагы» баракчасына.

1-апрелде анын ордуна Армениянын Тавушск облусунун губернатору дайындалды.

Бул окуя 19-мартта Еревандагы кафеде болуп, журналист камерасы менен тамактанып жаткан министрге келип, ал эмнеге жумуш убактысында иштебей бекер отурганын сураган. Министр Акоп Аршакян ал дайыма иште экенин айтып жооп кайтарса, журналист мамлекеттик аткаминердин күн тартиби менен бекитилген, чектелген жумуш убактысы бар экенин министрдин эсине салган.

Журналист өз ордуна барып отургандан кийин министр Акоп Аршакян ордунан туруп келип, журналистти уруп, колундагы компьютерин диванга ыргытып жиберген. Бул чатак Интернеттеги социалдык медиа аркылуу тарап, окуя армян коомчулугунда талкууланып, министрдин жүрүм-туруму катуу сынга алынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

95 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: