Menu

Тажикстанда жаңы эрежелер боюнча жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

Бөлүшүү:

Тажикстанда 1-апрелде «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды.

Ага ылайык, мындан ары өспүрүмдөр белгилүү бир сумманы төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет ала алышат.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Фаридун Махмадализода аскер билетин алуу үчүн төлөнө турган сумма аныкталганын, ал өкмөт башчы жактыргандан кийин жарыяланарын билдирди.

Анын айтымында, 19-мартка чейин аскер курагындагы жарандардын 70% армияга барып милеттүү кызмат өтөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Ал ортодо юристтер менен укук коргоочулар жаңы эрежелер — армиядагы коррупциялык көрүнүштөрдү көбөйтүшү мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Тажикстанда буга чейин аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда өспүрүмдөрдү көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурларга даттангандар көп болуп келген.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясын январдын аягында жактырган. Ага ылайык, жыл сайын аскер курагындагылардын 10% армияга чакырылат. Калган жарандар акча төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет алышса болот.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анда 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: