Menu

COVID-19: Түркмөнстанда карантиндик чектөөлөр жумшартылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда 1-апрелден тарта коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр жумшартылууда. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Бир жылдык тыныгуудан кийин өлкө ичиндеги темир жол жана автобус каттамдары калыбына келтирилди. Жүргүнчүлөр билетти COVID-19 жок экенин ырастаган маалымкат көрсөтүп ала алышат.

Мындан тышкары калктын өлкө ичиндеги жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөр да алынды. Буга чейин бир аймактан экинчи аймакка барууну каалаган жарандардан наркологиялык, психиатриалдык жана кургак учук диспансерлеринен, жергиликтүү полиция бөлүмүнөн алынган маалымкаттар, ошондой эле жүйөлүү себеп талап кылынган.

1-апрелден тарта өлкөдөгү мейманканалар да кардарларды кабыл ала башташты. Алардан коронавирус жок экенин ырастаган тесттин жыйынтыктары гана талап кылынат. Тесттин баасы 102 манатты (расмий курс боюнча 29,1 доллар) түзөт.

Өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип келген түркмөн өкмөтү былтыр чектөөлөрдүн эмне себептен киргизилип жатканын расмий түшүндүргөн эмес. Эми чектөөлөрдүн алынышы боюнча да эч кандай маалымат тараткан жок.

Чектөөлөрдүн алынышы менен катар өлкөдө калкы коронавируска каршы эмдөө иштери уланып, карантиндик жайлар кеңейтилип, жаңылары ачылууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: