Menu

Балдар ооруканасында каза болгон ТИМдин кызматкеринин денесинен эмдөөнүн изи табылган эмес

Бөлүшүү:

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда каза болгон Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров эмделген адамдардын реестринде катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алар эмдөө учурунда вакцинацияланган адамдын жеке маалыматтары маалымат тутумуна киргизилээрин баса белгилешти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги биринчи этапта медициналык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер вакцинаны алаарын эскертишти. Дипломатиялык түзүмдөрдүн кызматкерлери бул топко кирбейт.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистеринин айтымында, денени сыртынан текшерүү учурунда, эркек кишинин денесинен эмдөөгө мүнөздүү болгон издер табылган эмес. Эксперттердин акыркы корутундусу 14 күндүн ичинде даяр болот.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардан жалган маалымат менен коомчулуктун тынчын албоону суранат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: