Кечээ, 1-апрелде Улуттук банк 50,2 миллион долларды сатуу менен валюталык интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.
Жыл башынан бери Улуттук банк жалпы суммасы 208,2 миллион долларды түзгөн 5 валюта интервенциясын ишке ашырды.
Буга чейин, 2021-жылдын 28-январында Улуттук банк 45,7 миллион долларды, 4-февралда – 38 миллион, 11-мартта – 30,6 миллион доллар, 25-мартта – 43,7 миллион доллар саткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ