Menu

Элчи Азимбек Бекназаров Малайзиянын экс-премьер-министри менен жолукту

Бөлүшүү:

31-мартта Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Бекназаровдун Малайзиянын мурунку Премьер-министри, Малайзиянын Парламентинин төмөнкү палатасынын, BERSATU партиясынын  лидери доктор Тун Мохамад Махатхир менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жүрүшүндө Элчи А.Бекназаров Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалар,  алдады боло турган парламенттик шайлоо жана жалпысынан өлкөдөгү ички саясий кырдаал жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары,  доктор Махатхир Кыргызстанда октябрдагы окуялардан кийин  (2020-ж.) ушул жылдын январь айында болуп өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу форманы аныктоо боюнча референдум, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциясынын долбоору боюнча 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдум жөнүндө маалымдалды.

Өз кезегинде доктор Мохамад Махатхир Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу дипломатиялык байланыштарды орнотууда ал демилгечилердин бири болгонун белгиледи. Ал Кыргызстанды жакшы билерин, кыргыз элине жана Кыргызстандын жаны бийлигине мындан аркы ийгиликтерди, бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты кааларын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

55 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: