Menu

Президент Садыр Жапаров ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө быйыл Кыргызстанда маанилүү окуя — өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленерине токтолду.

Анын айтымында, отуз жылдык саясий тарыхыбыз ар кандай окуяларга бай болду, бирок кыргыз эли башкы максаттан — мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбай, тынбай изденип келе жатат, себеби, элдин көксөгөнү — стабилдүүлүк, тартип жана өнүгүү.

Президент ушул күндөрү өлкө дагы бир тарыхый окуянын алдында тургандыгын — жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтөрүн белгиледи. Садыр Жапаров жаңы Конституция эл-журт күткөн туруктуулукту, ырааттуу өнүгүүнү алып келет жана мамлекеттик органдардын ишинде бюрократиянын деңгээлин бир кыйла төмөндөтөт деген терең ишенемин айтты.

Мамлекет башчысы сыйланып жаткандардын арасында ар түрдүү тармактардын — саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл-чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сиңирген эмгектерин канааттануу менен белгиледи. Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады. Алардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар бар.

Садыр Жапаров ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы турууда өз өмүрүн тобокелге салып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн алпурушкан ак халатчан врачтардын каармандыгын өзгөчө баса белгиледи.

Мындан сырткары, ал маданият менен адабият чөйрөсүнүн таланттуу уул-кыздары кол куушуруп отурбай, улуттун урматы үчүн кара жанды карч уруп, чаалыкпай мээнеттенип келишкенине, рухий дөөлөттөрдү жаратууга салымын кошуп турушканына  токтолду.

Президент Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу Жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: