Menu

КР МКК жакын арада мобилдик тиркемени ишке киргизет

Бөлүшүү:

КР Президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2021-жылдын 1-майына чейин электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк, транспорттук каражаттарды катоо тууралуу электрондук күбөлүк түрүндөгү санариптик документтерди ишке киргизүү сунушталды. Аталган чаралар мамлекеттин жарандар менен өз-ара аракеттешүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө жана аларды Мамлекеттик электрондук тейлөө порталына жайгаштырууга багытталган. Бул тууралу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) санариптик электрондук документтерди ишке киргизүү боюнча иш алып барууда жана жакын арада мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландаштырылууда. Аталган тиркемеде 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүк сыяктуу үч негизги документтин электрондук версиялары болот.

Мобилдик тиркемени ишке киргизүү үчүн укуктук негизди иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Санариптик документтердин реестри жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүктү ишке киргизүү жаатында) токтом долбоору иштелип чыккан жана макулдашууда турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: