Menu

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” бекети ачылды

Бөлүшүү:

Жума күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл өткөрмө бекети расмий ачылды. Ага Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен казак өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетин реконструкциялоого 342 миллион 335 миң сом жумшалды. Бекетти оңдоо иштери мындан туура бир жыл мурун башталган.

Коронавирус пандемиясына чейин бул бекеттен күнүнө 10 миңге чейин адам адам каттап, 1,5 миңдей автоунаа өтчү. Туристтик мезгил убагында болсо жүргүнчүлөрдүн саны 35 миң, ал эми машиненин саны 2,5 миңге чейин жетчү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эми оңдоп-түзөтүүдөн кийин бекеттен суткасына 35 миңден ашык адам, 5 миңдей транспорттук каражат өтө алат.

Бул чек ара бекети былтыр коронавирус коркунучунан улам эки тараптуу жабылган.

Казакстанга жол тарткан жүргүнчүлөр казак тараптагы эпидемиологиялык абал менен чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы керек.

Кыргыз-казак чек арасында “Чалдыбар”, “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң”, “Чоң-Капка”, “Каркыра” бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: