Menu

Тайванда поезд кырсыгынан ондогон киши каза болду

Бөлүшүү:

Тайвандын чыгышында 350 жүргүнчү менен бараткан Taroko Express поезди рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Азырынча каза болгондор менен жабыркандар тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.​

Reuters агенттиги Тайвандын транспорт министрине шилтеме кылып, поезд кырсыгынан 36 киши өлүп, дагы 72 жүргүнчү жаракат алганын жазды.

«Синьхуа» агенттиги жергиликтүү куткаруу кызматтарынын маалыматына таянып, кеминде 40 киши каза болгонун кабарлоодо.

CNA телеканалы болжол менен 72 киши көз жумуп, алардын арасында машинист да бар экенин билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсык поезд туннелге кирип баратканда болгон. Туура эмес токтотулган жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей, 20 метрлик бийиктиктен темир жолго кулаган. Бул тууралуу «Пинго жибао» басылмасы жазды.

Reuters агенттиги бул акыркы 40 жылдан бери Тайванда катталган эң ири темир жол кырсыгы экенин белгилөөдө. 2018-жылы жүргүнчү поезд рельстен чыгып кетип, 31 киши көз жумган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: