Menu

УКМК: Мыйзамсыз пайдаланылган каражаттар Мамлекеттин бюджетине кайтарылып алынды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК коррупциянын жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануунун алдын алуу боюнча жүргүзлгөн иш-чаралардын алкагында, Москва районунун Александровка айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.И.Ю жана “Александровка” (“Таза-Айыл”) МИ башчысы Н.С.А.тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, 2020-жылдын сентябрында аталган адамдар Москва районунун Александровка айылындагы таштанды полигонун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшкан. Жыйынтыгында, мамлекетке 1,1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

  Аталган бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2021-жылдын 26-мартында Б.И.Ю. аттуу жаран мурда бөлүнгөн 1,1 млн сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мамлекеттин эсебине толугу менен кайтарып берди.  

Азыркы учурда УКМК ушуга окшогон бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды улантууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

64 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: