Menu

Донбасстагы чыңалуудан кийин АКШ Европадагы аскердик күчтөрүн бекемдөөгө өттү

Бөлүшүү:

АКШ Европадагы аскердик күчтөрүн максималдуу түрдө согушка даяр абалга келтирди. Бул тууралуу Politico басылмасы расмий аскердик булактарына шилтеме кылып билдирди.

Буга чейин Украинанын Донецк облусунда украин аскерлери менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда согуштук аракеттер кайра башталып, Орусия аскерлерин украин чек арасына жакын жерге жөнөткөнү кабарланган.

Politico басылмасынын маалыматына караганда, 1-апрель күнү эле НАТОнун согуштук учактары 10 жолу асманга көтөрүлгөн. Бул орус учактарынын альянстын аба мейкиндигине жакын жердеги көп сандаган учуусуна жооп болгон.

Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгынын (NORAD) жана АКШ Куралдуу күчтөрүнүн түндүк командачылыгынын башчысы, генерал Глен Ванхерк Орусия агрессиясын күчөтүп, «дүйнөлүк аренадагы таасирин калыбына келтирүүнү» каалап жатканын билдирди.

Ал ортодо АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинанын коргоо министри Андрей Таран менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Донбасста «орусиялык агрессия күчөсө» Вашингтон Киевди колдоого даяр экенин билдиргени кабарланды.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: